11

Апрель элдик революциясына 11 жыл

Бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерүү аземи өттү.

07 Nisan 2021 14:38

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.

Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына Куран окулуп, эскеришти.

Андан кийин Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 7-апрель — Апрель элдик революциясы күнүнө карата жолдогон кайрылуусунда Арадан канча мезгил ɵтсɵ да, шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбаарын баса белгилеп, баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашай берээрин билдирди.

“Апрель баатырлары унутулбайт”

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 7-апрель элдик революция күнүнө карата “Апрель баатырлары унутулбайт” аталышындагы иш-чара өттү.

Иш-чарага Апрель элдик революциясынын баатырлары, коомдук- маданий ишмерлер жана жалпы коомчулук катышты.

Иш-чаранын алкагында поэзия мүнөттөрү, атуулдук ырлар ырдалды.

Саамалык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

7-апрель Элдик революция күнү

2010-жылы эл демократиялашуу жана ар кандай социалдык талаптар менен каршы демонстрацияларды баштап, бийлик кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 100гө жакын киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп Роза Отунбаева шайланган.

Anahtar Kelimeler: Апрель элдик революциясы, эскерүү аземи,

Жаңылыктар