Арихитектурасы өзгөчө көрүнүштөгү Казакстан пирамидасы

Тынчтык жана келишим сарайы Астана шаарындагы көрүнүктүү жайлардын бирине айланды.

10 Nisan 2021 11:54

Тынчтык жана келишим сарайын курууга ар улуттун өкүлдөрү катышкан. Алардын арасында британиялык белгилүү архитектор Норман Фостер жана анын 100 адамдан турган командасы болгон.

Сарай Казак эли аянтында орун алган.

Сарайды 2006-жылы түрк компаниясы салып бүтүргөн.

Сарайды сыртынан караганда пирамиданы элестетет.

8 кабаттуу имараттын бийиктиги 75 метр. Ал эми жалпы аянты 28000 чарчы метр.

Тынчтык жана келишим сарайында Казакстан элдеринин ассамблеясы, Этностор аралык жана диндер аралык ынтымак борбору, музей, 1300 кишилик опера залы, конференция залы, көргөзмө аянттары жана кышкы бакча орун алган.

Сарайдын опера залында ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат. Ал эми музейде диний китептер, килемдер жана баалуу буюмдар көргөзмөгө коюлган. Ошондой өлкөдө жашаган 130дан ашуун этностун улуттук кийимдерин көрүүгө болот.

Эл аралык Түрк академиясынын кеңсеси, музейи жана китепканасы да дал ушул сарайда жайгашкан.

Эл арасында «пирамида» деп аталып кеткен Тынчтык жана келишим сарайы Астана шаарындагы эң көрүнүктүү жайлардын бири. Чет элдик жана жергиликтүү туристтердин көңүл чордонундагы бирден-бир имарат.

Тынчтык жана келишим сарайына жылына орто эсеп менен 60 миң турист келет

Тынчтык жана келишим сарайынын расмий конокторду тейлөө жана протокол бөлүмүнүн башчысы Мухышбаеванын маалыматына караганда имаратты көрүүгө келген туристтердин саны арбын.

«Жылына орто эсеп менен 60 миңдей турист келет. Туристтерге казак, орус, англис жана түрк тилдеринде кызмат көрсөтөбүз»,-дейт ал.

Сарайдагы Этностор аралык жана диндер аралык ынтымак борбору өлкөдөгү этникалык топтордун башын бириктирген бирден-бир жай. Аталган борбордо ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Ал эми имараттын эң үстүңкү кабатындагы айнек куполго  түшүрүлгөн көгүчкөндөрдүн элеси өлкөдөгү этникалык топтордун тынчтык жана ынтымакта жашап жаткандыгын түшүндүрөт.

Норман Фостер шаардын катаал континенттик климатын эске алып, пирамиданын негизин калкып турган мамылардан курган. Демек, Астанада абанын температурасы -40 градуска жеткенде структура 6 сантиметрге кысылып, имараттын формасынын бузулушуна жол бербейт.

 

Anahtar Kelimeler: Тынчтык жана келишим сарайы, Астана, Казакстан,

Жаңылыктар