Арк чеби-Өзбекстандагы байыркы архитектуралык эстелик

Бухара хандарынын ак сарайы жайгашкан Арк сепили 3000 жылдык тарыхы бар, байыркы эстелик.

17 Temmuz 2021 13:46

Арк чеби тарыхый Бухара шаарындагы байыркы курулуштардын бири. Бухара чеби деп да аталып жүрөт.  Тарыхый чеп VI кылымда сырткы душмандардан коргонуу үчүн курулган.

Чептин ичинде эмирдин жайкы эс алуу бөлмөсү, мечит, мамлекеттик казына бөлмөсү, гарем, зындан жана башка имараттар орун алган.

Чеп 4 гектар аянтты ээлеп, бийиктиги 20 метр.

XIII кылымда, монгол баскынчылыгынан кийин Бухара шаары орду толгус жоготууга учурап, Арк чеби олуттуу зыян тарткан. XVI кылымда оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, азыркы формасын алган.

Тарыхый чеп 1993-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген. Учурда Арк чеби музей катары пайдаланууга берилген.

Anahtar Kelimeler: Арк чеби, Бухара, Өзбекстан,

Жаңылыктар