"Арстан ХҮРКУШ кайып алмаз" тасмасынын бет ачаары өттү

ТРТ мекемесинин демөөрчүлүгү менен тартылган «Арстан ХҮРКҮШ кайып алмаз» тасмасы көрүүчүлөргө сунушталды. Анимациялык тасма чоң кызыгуу жаратты. Эл тасманы көрүү үчүн кино-театрларга агылды. Тасманы алгачкы эки күндө эле 60 миңден ашык адам көрдү.

13 Ocak 2022 12:47

Тасмада «ТРТ Чожук» каналынын сүйүктүү каарманы Арстандын жергиликтүү өндүрүштүк машыгуу учагы ХҮРКУШ менен  Стамбулду кыдырып жүргөн учурда башынан өткөргөн окуяларды баяндайт. Тасма кино-театрларда көрсөтүлө баштаары менен чоң резонанс жаратты. Балдарды гана эмес, чоң кишилерде да болуп көрбөгөндөй таасир калтырды.

Тасма балдарга технологияны сүйдүрүп, анимация дүйнөсү укмуштуу окуяларга жетелейт.

Балдарды авиацияны сүйүүгө багытталып, атa-мекендик жана улуттук технология тууралуу маалымат берет.

Учак инженери болууну кыялданган Арстан учкуч чоң атасынан мурас калган Хүркуш учагы менен жаңы окуяларга багыт алат. Бирок бул үчүн алгач легендарлуу алмазды издеши керек болот.

Тасмадагы «шамаалды сүйөсүң» ырын Манга группасынын солисти Ферман Акгүл аткарган.

 

Anahtar Kelimeler: Анимациялык тасма,

Жаңылыктар