Асаф Зейналлы – азербайжандык көрүнүктүү композитор, педагог

Асаф Зейналабдин оглы Зейналлы Дагестандын Дербент шаарында туулган.

18 Mart 2022 19:48

1923-1926-жылдары Баку музыкалык техникумунда, 1931-жылы Азербайжан мамлекеттик консерваториясында билим алган.

Ал, профессионалдык билим алган алгачкы азербайжандык композитор катары таанымал.

Азербайжан музыкасынын тарыхындагы алгачкы романстар Асаф Зейналлыга таандык. Анын «Мекен», «Суроо», «Чадра», «Сейран» жана башка романстары эл арасында популярдуулукка ээ болгон.

Ал биринчи романстардын, фортепиано жана скрипка миниатюраларынын автору. Ошондой эле симфониялык чыгармалардын алгачкы үлгүлөрү ага таандык. 

Зейналлы «Балдар сюитасы» аттуу чыгармасы менен балдар музыкалык репертуарынын пайдубалын түптөгөн. Ошондой эле элдик чыгармаларга нота жазган.

Асаф Зейналлы 1932-жылы 27-октябрда 23 жаш курагында Бакуда көз жумган.

Баку музыкалык техникумуна жана Баку шаарындагы бир көчөгө анын ысымы ыйгарылган. 

Anahtar Kelimeler: Асаф Зейналлы, Азербайжан,

Жаңылыктар