Ашхабад шаарындагы искусство борбору: Сапармурат Түркмөнбашы атындагы башкы драм-театр

Сапармурат Түркмөнбашы атындагы башкы драм-театр (мурдагы Молланепес атындагы Түркмөн мамлекеттик академиялык драма театры) 1929-жылы 10-сентябрда ачылган.

01 Nisan 2022 16:54

Сапармурат Түркмөнбашы атындагы башкы драм-театрдын сахнасында, түркмөн элинин турмушун чагылдырган «Чабан», «Кара түйүн» ж.б. чыгармалар коюлган.

Аталган театрда Аман Гулмеммедов, Алты Карлиев, Базар Аманов, Сурай Мырадова, Гуллук Хожаев, Гулкиши Гулмырадов, Сары Гаррыев, Огулгурбан Дурдыева, Гылыч Бердиев жана Галпак Херраев  кызмат өтөп, алар Түркмөнстандын театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Убакыттык өтүшү менен театрдын репетуары улам байып, өзүнүн вокалисттери, ырчылары, бийчилери жана симфониялык оркестри пайда болгон. Буз өзгөчөлүгү  менен Ашхабад шаарындагы эң маанилүү маданий борборго айланган.

2005-жылы театрдын жаңы имараты ачылып, 2006-жылы ысымы «Сапармурат Түркмөнбашы атындагы башкы драм-театр» болуп өзгөртүлгөн.

1000 орундуу драм-театр акыркы технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Аянты 24.877.

Репертуары ар түрдүү. Көбүнчө түркмөн тилиндеги классикалык жана заманбап жанрларды камтыйт.

Anahtar Kelimeler: Сапармурат Түркмөнбашы атындагы башкы драм-театр, Ашхабад, Түркмөнстан,

Жаңылыктар