Аскадагы жазуу чиймелердин жыйнагы жарыкка чыгат

Кыргыз-Түрк «Манас» университети 25 жылдык мааракесин утурлай Борбор Азиядан Анадолуга чейинки түрк маданиятынын издерин чагылдырган аскадагы сүрөттөрдү өзүнчө жыйнак кылып чыгарууга даярдык көрүүдө.

21 Nisan 2021 12:15

 

КТМУнун ректору проф. д-р. Алпаслан Жейлан 25 жылдык илимий жашоосунда  аскага чегилген 100дөн ашык сүрөттү изилдеген. Окумуштуу Алтайдан Анадолуга чейинки аймактагы ташка чегилген сүрөттөр ар кыл өңүттөн изилденип, калыбына келтирилип, илимий чөйрөгө терең таанытылышы керек деп эсептейт. Анткени ташка чегилген сүрөттөр түрк тарыхы үчүн өтө манилүү.

Алпаслан Жейландын белгилешинче Борбор Азиядагы түрк уруулары, кезинде, Каспий деңизи аркылуу өтүп, азыркы Грузиянын аймагы аркылуу Анадолуга барган. Түрк уруулары өздөрү менен кошо маданиятын да ала барышкан. Ошондуктан ташка чегилген сүрөттөр Чыгыш Анадолу аймагында көп кездешет.

Ал баса белгилегендей аскадагы сүрөттөрдө түрк маданиятынын бардык элементтери камтылган. Андыктан түрк дүйнөсү аскага чегилген сүрөттөр туралуу кеңири маалыматка ээ болуп, аяр мамиле кылып, ар кыл багыттан иликтөө керек. Ушул себептен улам Кыргыз-Түрк «Манас» университети 25 жылдык мааракесин утурлай Борбор Азиядан Анадолуга чейинки түрк маданиятынын издерин чагылдырган аскадагы сүрөттөрдү өзүнчө жыйнак кылып чыгарууга даярдык көрүүдө.

«Ташка чегилген сүрөттөр тарыхта калган мөөр»

Аскадагы жазуу-чиймелер – палеолит доорунан орто кылымга чейинки адамзат коомунун түрдүү доорлоруна тиешелүү эстеликтер болуп эсептелет. Алгачкы палеолиттик сүрөттөр абдан жөнөкөй болгон.

Алпаслан Жейлан түрк маданиятынын элементтерин камтыган сүрөттөр кеңири иликтениши керек деп эсептейт.

«Алтай жана Монголиядагы аскага чегилген сүрөттөрдүн айрым үлгүлөрүн Орто Азия, Иран, Азербайжан, Грузия жана Анадолудан кездештирүүгө болот. Алсак Борбор Азия жана Алтай аймагындагы таштарда түшүрүлгөн мергенчи, кийик, ат, ит, төө, атчан адам жана кербендердин сүрөттөрү Анадолудагы таштарда да кездешет»,-дейт ал. Андыктан Анадолудагы аскага чегилген сүрөттөрдү изилдөөдө Борбор Азиядагы  жана Кавказиядагы маданиятты көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес.

«Ташка чегилген сүрөттөр тарыхта калган мөөр. Аны коргоо биздин эң негизги милдетибиз. Кийинки муундарга калтыра турган эң маанилүү улуттук мурасыбыз. Анын маанисин жаштарга түшүндүрүү негизги максатыбыз»,-дейт Жейлан.

Кыргызстанда аскага чегилип тартылган  сүрөттөр он миңдеп саналат

Улуу Жибек жолунун боюнда, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Кыргызстандын территориясында аскага чегилип тартылган  сүрөттөр он миңдеп саналат. Аларды Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынан кездештирүүгө болот. Алардын бардыгы  ачык асман алдында жайгашкан.

Аскаса чегилген мурастардын ичинен эң негизгиси ЮНЕСКО коргоого алган Саймалуу таш петроглифтер галереясы. Саймалуу-Таш петроглифтери 3000-3200 метр бийиктеги Фергана тоо кыркаларында ачык асман алдында жайгашкан. Болжол менен 10 гектар аянтты ээлеп, 10 миңге жакын таш бар. Таштагы жазуулар көчмөн калктын ошол убактагы жашоо-шартын чагылдырып турат.

Anahtar Kelimeler: Аскадагы жазуу чиймелер, проф. д-р. Алпаслан Жейлан,

Жаңылыктар