Асмандагы бүркүттөрдүн тарыхы: Анкара шаарындагы аба күчтөрүнүн музейи

Анкара шаарындагы аба күчтөрүнүн музейинин ачык аянты 63 миң чарчы метр, жабык аянты 2 миң чарчы метр. Музей ири коллекцияга ээ.

24 Ocak 2022 14:44

Анкара шаарындагы аба күчтөрүнүн музейи 1998-жылы 18-сентябрда Ататүрктүн багып алган кызы жана түрк элинин алгачкы аял учкучу Сабиха Гөкчен тарабынан ачылган.  

Музей эки бөлүктөн турат: жабык аянт жана ачык көргөзмө аянты.

Ачык көргөзмө аянтчасынын кире беришине түрк авиациясынын тарыхында өзгөчө оорду бар Махмут Шевкет Паша, Зеки Доган жана Сабиха Гөкчен сымал маанилүү ысымдардын бюсттары коюлган. Ошондой эле түрк аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн 30 согушкер; чалгындоо, машыгуу, ташуу, издөө-куткаруу жана байланыш максаттарында колдонулган учактар ​​жана 1 вертолет орун алган.

Түрк окумуштуулары: Лагари Хасан Челеби жана Хезарфен Ахмет Челеби

Жабык көргөзмө аянтында Лагари Хасан Челеби жана Хезарфен Ахмет Челебинин алгачкы учуу аракетин сүрөттөгөн макеттер орун алган.

Лагари Хасан Челеби дүйнөдө ракета менен учкан алгачкы адам болгон. Мындан улам ага ракеталык технологиянын атасы дешет.

Ал эми «Хезарфен» деп аталын жүргөн Ахмет Челеби, Стамбулдагы Галата мунарасынан Үскүдарга канат тагып учкан алгачкы окумуштуу болгон.

Жабык аянтта ошондой эле авиация тарыхын чагылдырган сүрөт жана документтер көргөзмөгө коюлган. Аны менен катар түрк аба күчтөрүнүн инвентаризациясындагы учактардын үлгүлөрү орун алган.

Археологиялык аймактар

Залдын кире беришинин сол тарабында археологиялык объекттердин асмандан тартылган сүрөттөрү орун алган. Алар тарыхта манилүү деп эсептелген Троя, Бергама, Сарт, Селчук, Эфес жана Миллет археологиялык жайларынын фотосүрөттөрү.

Этимесгут учак заводунан чыккан биринчи учак мындан 80 жыл мурда абага көтөрүлгөн

Түрк Аэронавигациялык бирикмеси 1942-жылы  Этимесгутта учак заводун ачкан. Ал жакта бир катар учактар өндүрүлгөн. Алардын бири «Майлс Магистер» учагы. Аталган учак 1942-жылдын 7-июнунда атайын азем менен абага көтөрүлгөн.

Кызгылт сары түстөгү «кара кутулар»

Музейдеги F-16 учагынын «кара кутусу» келгендердин көңүлүн өзүнө бурат.  Кара кутулар борттук системадагы маалыматтарды, экипаждын сүйлөшүүлөрүн, транспорттогу окуяларды жазып турат да кандайдыр бир кырсык болгондо анын себептерин аныктоо үчүн колдонулат. «Кара куту» деп аталганы менен өңү кызгылт сары түстө болот.

Түркиядагы алгачкы аял учкуч: Сабиха Гөкчен

Сабиха Гөкчен Түркиянын алгачкы аял учкучу жана Мустафа Кемал Ататүрктүн асырап алган кызы болгон.

Музейде Сабиха Гөкченге таандык атайын бөлүм бар. Бул жерде ага таандык көптөгөн буюмдар көргөзмөгө коюлган. Бул буюмдарды 1999-жылы өзү музейге тартуулаган.

Курман болгон учкуч жоокерлер: Айфер Гөк жана Женгиз Топел

Музейде шейиттер залы орун алган. Анда 1911-жылдан берки шейиттердин тизмеси орун алган. Ошондой эле лейтенант Айфер Гөк жана  капитан Женгиз Топелдин жеке буюмдары  көргөзмөгө коюлган.

Женгиз Топелдин учагы 1964-жылы Кипр аралындагы операция учурунда жерден атып түшүрүлгөн. Женгиз Топел парашют менен секирген. Бирок гректер аны туткунга алып, кыйнап өлтүрүшкөн. Учкучтун сөөгү 1964-жылдын 14-августунда Эдирнекапы аба шейиттери күмбөзүнө коюлган.

Музей түрк аба күчтөрүн таанытуу жана жаштардын авиацияга болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт.

 

 

Anahtar Kelimeler: Анкара шаарындагы аба күчтөрүнүн музейи,

Жаңылыктар