Астана Балет театры — Казак музыкалык маданиятынын борбору

Астана Балет театры 2012-жылы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында негизделген

05 Haziran 2022 08:56

Алгачкы опера спектаклдери 2013-жылы коюлган. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында жана чет мамлекеттерде миңдеген күйөрманы бар.

Репертуары дүйнөлүк классикалык жана жергиликтүү шедеврлер менен түзүлүп, уникалдуу жана көп түрдүү, оригиналдуу хореографиялар менен айкалышкан. Театр Борбордук Азиядагы эң ийгиликтүү балет театры катары таанымал.

Театрдын 738 орундуу имараты классикалык стилде салынган. Ички жана сырткы жасалгаларында казактын оймо-чиймеси кеңири колдонулган.

Театрдын үн коштоо, сахна системасы ж.б. өзгөчөлүктөрү акыркы технология менен жабдылган.

Театрда «Козe Көрпеш – Баян сулу», «Султан Байбарс», «Инстинкт», «Тагдыр кылдары», «Золушка», «Эстелик саякат», «Кусалык», «Желтораң жөнүндө уламыш» ж.б. жергиликтүү чыгармалар жана «Орто», «Бир аз жогору», «Ар түрдүүлүк» ж.б. эл аралык белгилүү оюндар коюлат.

Жаңылыктар