"Ата-Бейитте" Чыңгыз Айтматов эскерилди

“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өттү

13 Haziran 2022 10:58

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар жана Айтматовдун үй-бүлөсү катышты.

Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту бул күндүн урматына маданий программа даярдаган. Анда жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулуп, мектеп окуучулары өнөрлөрүн тартуулашты.

Айтматовдун үй-бүлөсү Ата-Бейитке келип, улуу жазуучуну эскергендерге ыраазычылык билдирди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. 

Анын чыгармалары дүйнөнүн бир катар тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң нуска менен чыгып келет.

 

Жаңылыктар