Айтматовдун Ысык-Көл форумун, Түркия жана Кыргызстан биргелеше өткөрөт

Эл аралык IV Ысык-Көл форуму 2020-жылдын 10-12-декабрында Кыргызстандын ордо калаасы Бишкек шаарында өз ишин баштаганы турат.

06 Eylül 2020 16:33

Кыргызстан жана Түркия  белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урматына  өнөктөшө жаңы иш-чара өткөрө турган болушту. Буга чейин, Түркияда «Талаанын ойгонушу-Чыңгыз Айтматов» аталыштагы китеп жарыяланып, китептин алгы сөзүн Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган жазганы маалым. Ал эми 2018-жылы Чыңгыз Айтматовду эскерүү жылына карата «Ала-Тоодогу жер эне-Чыңгыз Айтматов» аталыштагы даректүү тасма тартылган. Эми 2020-жылдын 10-12-декабрында, Эл аралык IV Ысык-Көл форуму Бишкекте өз ишин баштаганы турат.

Форум, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдогандын колдоосу менен өтөт. Бул тууралуу Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министринин орун басары Надир Алпарслан билдирди. Анын маалыматына караганда, 10-12-декабрда Бишкек шаарында өтө турган форумга даярдыктар кызуу уланууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр дээрлик жыйынтыкталды. Иш чараны өткөрүүгө, Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги түзгөн «Чыгыш менен батышты бириктирген Анадолу маданият долбоорлорунун платформасы» да колдоо көрсөтөт.

Алпарслан баса белгилегендей, Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги, президент Эрдогандын буйругу менен Айтматовго байланышкан иш чаралардын бардыгына колдоо көрсөтүп келет. Эл аралык IV Ысык-Көл форуму алардын бири. Долбоорду, Чыгыш менен батышты бириктирген Анадолу маданият долбоорлорунун платформасынын жетекчиси Өмер Эрдоган координацалиялоодо. Форумдун ишине бир катар өлкөлөрдөн академиктер катышааары күтүлүүдө.

 Алпарслан баса белгилегендей, Чыңгыз Айтматов бир гана Кыргызстандын, Түркиянын же түрк дүйнөсүнүн уулу эмес, дүйнөлүк атуул. Дүйнөлүк адабиятка барандай салымын кошкон улуу жазуучу. Анын чыгармаларында карапайым адамдардын жашоо турмушу чагылдырылган. Адамзаттын келечекке болгон үмүтү, аруу сезимдери таамай көрсөтүлгөн. Айтматов, жөнөкөй адамдагы улуу сапаттарды ачып берген. Анын чыгармаларында жомок менен реалдуу жашоо үзөңгүлөш жүрөт.

«Айтматовдун чыгармалары 178 тилге которулган»

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев баса белгилгендей, Айтматов  кыргыз тарыхын, үрп-адаттарын, жана баалуулуктарын ачып берген мыкты жазуучу. Ал жөн гана жазуучу эмес, Кыргыз элинин даанышманы, ойчулу жана сыймыктуу атуулу. Андыктан анын чыгармаларынын көп киши тарабынан окулушу жана Айтматовго арналган самаалыктарды өткөрүп туруу, элчилик үчүн да чоң сыймык.

Өмүралиевдин маалыматына караганда, адамдык абийирди туу тутуп, канчалаган ой толгонуунун натыйжасында глобалдык деңгээлдеги жазуучуга айланган Айтматовдун чыгармалары 178 тилге которулган. Бишкектеги форумда залкар жазуучуунун ар тараптуу ишмердүүлүгү талкууга алынат.

Элчи Өмүралиев өз кезегинде Айтматовду сыйлап, аны урматтаган Түркияга жана Түркия Республикасынын президенти Р. Т. Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

 

«Айтматов калтырып кеткен мурасты коргоо зарыл»

 Чыгыш менен батышты бириктирген Анадолу маданият долбоорлорунун платформасынын жетекчиси Өмер Эрдогандын маалыматына караганда, Эл аралык IV Ысык-Көл форумуна Франция, Белгия, Германия, Босния жана Герцеговина, Орусия, Украина, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандан белгилүү академиктер чакырылат. Пандемиядан улам алдын алуу иш-чаралары каралууда. Ал эми форумдун жүрүшүндө окула турган баяндамалар кийинчерээк китеп болуп чыгат. Ал түрк тилине жана башка тилдерге которулат. Өмер Эрдоган баса белгилгендей, Айтматовду таанып, ал калтырып кеткен мурасты жана балуулуктарды коргоп, буга окшогон маданий иш-чараларды өткөрүп туруу зарыл. Маданий иш-чаралардын эки тараптуу соода жана саясий ымалага салым кошоору бышык.  

Эрдогандын маалыматына караганда, Эл аралык IV Ысык-Көл форумун өткөрүүгө Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги,  Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги, Анкарадагы Хажы Байрам атындагы университет, Ататүрк атындагы маданият, тил жана тарых борбору, Юнус Эмре институту, Түркиянын жазуучулар биримдиги, Чыңгыз Айтматов институту,  Чыңгыз Айтматов атындагы музей жана залкар жазуучунун үй-бүлөсү  салым кошууда.

Айтматовдун өмүр баяны

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган. 1935-жылы Москвада 1-класска барган. Орус тилин ушул мектепте окуп жүргөн кезинде өздөштүргөн. Атасы Төрөкул Айтматов 1937-жылы декабрда жазыксыз камалып, апасы Нагима менен Шекерге кайтып келген. Чоң апасы Айымкан нечен түрдүү жомокторду, Манас эпосун айтып берип чоңойткон.

Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы болуп иштеген.

Айтматов, 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.

1956-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.

Ч. Айтматовдун атын алгач алыска тааныткан повести “Жамийла» болгон (1958). Повестти өз эне тилине которгон белгилүү  француз жазуучусу Луи Арагон аны «махабат тууралуу эң  сонун баян” деп баалаган.

Улуу жазуучу 1963-жылы Лениндик сыйлыкты алган.  Өз кезегинде, СССР Жогорку советинин депутаты болуп шайланган. СССР президенти Горбачевдин кеңешчиси болуп иштеген. 1991-жылдан элчилик кызматта  болгон.

Айтматов, Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Джавахарлал Нехру (Индия, 1985), Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), Япониядагы Чыгыш Философия Институтунун академиги (1988),  Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997) наамын алган.

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда, 79 жаш курагында өпкөсүнүн оорусу өтүшүп кеткенден улам дүйнөдөн кайткан.


Айтматов, Түркияда алгач «Кызыл жоолук жалжалым» повести менен таанылган.

Айтмoтовдун чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда болгон. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958) жана "Обон" ("Жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыкан.

Жазуучунун философиялык-этикалык бийик ой жүгүртүүсү менен жазылган "Кыямат" романында жана «Гүлсарат» повестинде,  адамдык ажайып сапаттар жаныбарлар аркылуу ачылып берилген. Пенделик жазмышы ашкереленген. Чыгармалардын чегинде жаныбарлар аркылуу көркөм дүйнөгө карата коомдук түшүнүк, көз караш аныкталган.

Кылымдын залкар жазуучусунун «Ак жаан», «Жамийла», «Бетме-бет», «Биринчи мугалим», «Гүлсарат», «Саманчынын жолу», «Кызыл алма» «Атадан калган туяк» «Ак Кеме», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Манас атанын ак кар, көк музу», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Касандранын эн тамгасы» «Тоолор кулаганда» чыгармалары жарыяланган.

Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн бир катар тилине которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен  кайталап басылган.



 

Жаңылыктар