88

Айя-София мечитинде 88 жылдык тыныгуудан кийин таравих намазы окулат.

Айя-София мечитинде таравих намазы окулат. Белгилей кетсек Айя-София мечити мындан 88 жыл мурда музейге айландырылган. 24-июль 2020-жылы кайрадан мечит болуп ачылган.

01 Nisan 2022 16:11

Мусулмандар үчүн ыйык болгон Рамазан айы башталганы турат. 

 Рамазан айы-бардык мусулмандар үчүн Ислам түркүктөрүнүн бири болгон "орозону" кармоочу ай болуп эсептелет. 

Орозодо адамдарга күнү бою тамак-аш, суудан баш тартып, руханий жактан өзүн азыктандырып, жаман кылык-жоруктардан тазаланууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондуктан мусулмандар ыйык айды чыдамсыздык менен күтүшүп, ушул айда жакшы тилектерди тилеп, соопчулук иштерин көбүрөөк жасаганга аракет кылышат.

Ыйык Рамазан айы мусулман үй-бүлөсүндө молчулуктун жана кубанычтын айы. 

Рамазан айында "таравих" намазын окуу сүннөт болуп эсептелет. "Таравих" - Рамазан айында боло турган орозонун ар бир күнүнөн кийинки түнкүсүн окулуучу намаз.

"Таравих" намазы, бул жылы, айтылуу Айя-София мечитинде да окулат. Мындай жөрөлгө 88 жылдан бери аталган мечитте алгач ирээт болгону жатат. Анткени Айя-София мечити мындан 88 жыл мурда сыйынууга жабылып, музейге айландырылган. Ошондон тартып Айя-Софияда намаз окулбай калган. 2020-жылдын 24-июлунда, Айя-София, Президент Эрдогандын жарлыгы менен кайрадан мечитке айландырылып, сыйынууга ачылган. Бирок, 2020-2021-жылдары ковид-19 илдети күч алып тургандыгына байланыштуу "таравих" намазын окууга бир да мечитте уруксаат берилген эмес.

Бул жылы, "таравих" намазын окууга чектөө киргизилген жок. Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде, анын ичинде Айя-Софияда 1-апрелден тарта "таравих" намазы окула баштайт. 

Стамбул шаарынын тургундарды жана меймандары, 88 жылдан кийин Айя-Софияда "таравих" намазын окууну чыдамсыздык менен күтүүдө. 

Anahtar Kelimeler: Айя-София, таравих, намаз, ыйык орозо айы,

Жаңылыктар