Азамат Жаманкулов түрк дүйнөсүнүн жаштарын Кыргызстанга келүүгө чакырды

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов түрк дүйнөсүнүн жаштарын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

19 Ocak 2022 22:11

Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан жүргүзүлгѳн “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларынын биринчи бѳлүгү соңуна чыкты.

​Иш-чаранын соңку коногу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.Жаманкулов болду. 

​Министр “Кыргызстан - түрк дүйнөсүнүн туризм бейиши” деген темада лекция окуду. Сабактар КТМУнун "Медиа Манас" борбору тарабынан түз эфирде жүргүзүлдү. Ага 9 ѳлкѳдѳн 76 университеттен, жалпы 3500 студент катышты. 

​А.Жаманкулов өзүнүн баяндамасында Кыргызстанда туризм тармагы мамлекеттик артыкчылыктуу басым берилген тармак экенин баса белгилеп,Кыргызстандын туристтик потенциалын эң негизги 3 багытта карасак болоорун, биринчиси, “Кыргызстан – асман тиреген тоолордун мекени”, экинчиси - “Кыргызстан-Улуу Жибек Жолунун мекени”, ал эми үчүнчү эң маңыздуу багыт - "Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мекени" деп ачып берди. 

​Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер министрге өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, жооп ала алышты. 

Anahtar Kelimeler: КТМУ, Жаманкулов,

Жаңылыктар