Азербайжан армиясы аскердик машыгуу өткөрүүдө

Азербайжан армиясынын тактикалык машыгуусуна 10 миң аскер катышып, 100 танк, 30 аскердик авиациялык техника жана Байрактар аттуу учкучсуз куралдуу учактар тартылды.

16 Mart 2021 14:49

Азербайжан армиясы аскердик машыгуудан өтүүдө. Машыгуу 18-мартта жыйынтыкталат.

Күжүрмөн аскерлердин аскердик машыгуусуна он миңге жакын адам катышып, 100 танк,  30 аскердик авиациялык техника жана Түркияда өндүрүлгөн Байрактар аттуу учкучсуз куралдуу учактар тартылды.

Учкучсуз куралдуу учактар душмандын позициясын аныктап, маалыматты көзөмөлдөө пункттарына жеткирүү милдетин аткарышты.

Азербайжан Республикасынын Коргоо министрлиги Азербайжан армиясынын аскерлери оперативдик-тактикалык планга ылайык 2021-жылга карата согушка даярдануу боюнча машыгуудан өтүп жатканын билдирди.
 

Anahtar Kelimeler: Азербайжан армиясы, аскердик машыгу, Байрактар, Азербайжан Республикасынын Коргоо министрлиги,

Жаңылыктар