Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясы

Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясы — Азербайжандын улуттук филармониясы.

07 Ocak 2022 19:21

Классикалык батыш музыкасы жана Азербайжандын музыкалык чыгармалары Азербайжан Мамлекеттик Академиялык филармониясынын репертуарында коюлган.

Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясынын имараты 1910-1912-жылдары падышалык Россиянын тушунда шаар элитасынын талабына ылайык курулган.1917-жылга чейин  шаардагы элиталар үчүн клуб катары иштеп, анда банкеттер, бал жана концерттер өткөрүлөт.

Совет доорунун 1920-1936-жылдарында концерттер коюла баштаган. 

1936-жылы 25-майда Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясы катары негизделген.

1937-жылы 11-августта Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясына белгилүү азербайжан композитору Муслим Магомаевдин ысымы ыйгарылган.

Азербайжан Мамлекеттик Академиялык Филармониясында сегиз симфониялык оркестр иштейт. Алар: Азербайжан Мамлекеттик симфониялык оркестри, Азербайжан мамлекеттик Капела хору , Кара Караев атындагы Азербайжан мамлекеттик камералык оркестри, Азербайжан мамлекеттик фортепиано триосу, Азербайжан мамлекеттик кыл аспаптар квартети, Фикрет Амиров атындагы ветеран коллективи, Азербайжан мамлекеттик үн жана бий тобу жана Азербайжан мамлекеттик эл аспаптар оркестри.

Anahtar Kelimeler: Азербайжан мамлекеттик академиялык филармониясы,

Жаңылыктар