Азербайжан мамлекеттик куурчак театры

Азербайжандын борбору Баку шаарында жайгашкан театр 1931-жылы негизделген

20 Mayıs 2022 14:34

Азербайжан мамлекеттик куурчак театры 1931-жылы негизделип, 1932-жылы сахнага алгачкы оюн коюлган.

1975-жылдан тарта театрда чоңдор үчүн пьесалар  коюла баштаган.

Театрдын туруктуу өзгөчөлүгү – балдарга же чоңдорго арналган театр оюндарында сөссүз түрдө куурчак колдонулат.

Театрга Азербайжан балдар адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, азербайжандык жазуучу Абдулла Шаиктин ысымы ыйгарылган.

Театрда, Классикалык азербайжан адабияты жана балдар адабияты боюнча драматургдардын театралдык чыгармалары, орус жана башка чет элдик авторлордун классикалык чыгармалары Азербайжан жана орус тилдеринде көрсөтүлөт.

Жаңылыктар