Азербайжан мугамы

Мугам – оозеки салттарга негизделген классикалык музыканын үлгүсү. Азербайжан элдик музыкасынын негизин түзөт.

24 Haziran 2022 22:12

Мугам сөзү араб тилиндеги «макам» сөзүнөн келип чыккан.

Болжол менен 14-кылымга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жалпы музыкасы болгон.

Кийинчерээк саясий-экономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу жанрларга бөлүнгөн.

Азербайжан музыкасынын жети негизги мугамыбар. Алар: «Раст», «Шур», «Сегах», «Шуштер», «Чахаргах», «Байати-Шираз», «Хумаюн».

Алар обондук түзүлүшү, добуш катары боюнча бири биринен айырмаланышат.

Белгилүү обончу Узеир Гаджибеков «Азербайжан элдик музыкасынын негиздери» аттуу китебинде мугамдардын таасири туралуу төмөнкүчө айткан:

"Раст" - угуучунун эрдик жана жигердүүлүк сезимин, «шур» - майрамдык, лирикалык маанай, "сегах" - сүйүү сезимин, "шуштер" - терең кайгы, "чахаргах" - толкундануу жана кумарлануу, "байати-шираз" - кайгы, “хумаюн” – терең кайгыруу сезимин тартуулайт.

Классикалык чыгыш мугамдары алгач 12 ладдан жана 6 бөлүктөн турган.

Мугам вокалдык-аспаптык же жалаң гана аспаптык ансамбль тарабынан толук же бөлүнүп-бөлүнүп аткарылат.

Мугам драматургиясы адатта ранг (бий) жана тасниф (ыр) бөлүктөрүнүн кезектенүүсүнө таянат.

Мугам ырдагандарды «хананде» деп аталат.

2003-жылы ЮНЕСКО азербайжан мугамын коргоого алган.

Жаңылыктар