Азербайжан Республикасынын президенти И. Алиев Арменияны эскертти

Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев, Арменияга, өлкө аймагындагы саясий кризиске карабастан 2020-жылдын 10-ноябрында, Россия, Азербайжан жана Армения ортосунда жетишилген келишимдин шарттарын аткараарына ишеним артып, эгер аткарбай турган болсо анын кесепеттери мындан да оор болоорун эскертти.

28 Şubat 2021 15:59

Азербайжан Республикасынын президенти И. Алиев видео-конференция форматында журналисттер менен баарлашты.

Армениядагы окуяларды «өлкөнүн ички маселеси» деп атады.

«Бүгүнкү күндө Армения ушунчалык оор абалда турат. Өлкөдө болуп жаткан процесстер мамлекеттин пайдубалын бузууда. Буга Армениянын мурунку жана азыркы администрациясы жооптуу. Кочарян-Саркисян хунтасы өлкөнү азыркы күнгө кептеди»,-деди ал.

Алиев Армениядагы учурдагы кырдаалдын негизги себеби, Азербайжанга таандык жерлерди канчалаган жылдардан бери оккупацияда кармап турушу экенин айтты.

«Арменияны экономикалык жактан алсыздандырып, обочолонтуу биздин саясат болгон. Бизге таандык жерлерди бошотуусун талап кылып келгем. Өз учурунда бизге кулак салып, айтканыбызга көнүшсө азыркыдай жаман абалга кептелишмек эмес»,-деп айтты Алиев.

Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев, Тоолуу Карабактагы согуштан кийин 2020-жылдын 10-ноябрында, Россия, Азербайжан жана Армения ортосунда жетишилген келишимге  токтолду. Арменияга, өлкө аймагындагы саясий кризиске карабастан келишимдин шарттарын аткараарына ишеним артып, эгер аткарбай турган болсо анын кесепеттери мындан да оор болоорун эскертти.

Белгилей кетсек, Азербайжан армиясы 2020-жылы 44 күнгө созулган согуштун натыйжасында оккупацияланган аймактарын бошоткон. Андан көп өтпөй, 2020-жылдын 10-ноябрында Россия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда үч тараптуу декларацияга кол коюлуп, анда Армения жеңилгенин кабыл алган.

Жаңылыктар