Азербайжан: «Шафаг-Асиман» аянтынан жаратылыш газ резерви табылды

Каспий деңизинин Азербайжанга таандык аянтындагы бургулоо иштеринин натыйжасында «Шафаг-Асиман» блогунда жаратылыш газынын алгачкы резервдери табылды.

24 Mart 2021 16:40

«Шафаг –Асиман» аянтындагы 7189 метр тереңдиктеги изилдөө иштеринин натыйжасында жаратылыш газ резерви жана конденсат запасы табылды. Бул туралуу Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы SOCAR билдирди.

Билдирүүгө ылайык, газ резервинин көлөмүн толук аныктоо үчүн кошумча бургулоо иштери жүргүзүлөт.

"Шафаг-Асиман" блогу Азербайжандын борбору Баку шаарынан 125 чакырым түштүк-чыгышында жайгашкан. Ал 1100 чарчы метр аянтты ээлейт. Деңиздин тереңдиги 650-800 метрге жетет.

Бургулоо иштерин Азербайжандын SOCAR компаниясы менен Британияык British Petroleum компаниясы биргеликте жүргүзгөн.

Белгилей кетсек 2010-жылдын 7-октябрында SOCAR жана British Petroleum компаниясы "Каспий деңизинин Азербайжан секторундагы «Шафаг-Асиман» блогун бургулоо, иштетүү жана өндүрүштү бөлүштүрүү жөнүндө" келишимге кол коюшкан.

Anahtar Kelimeler: «Шафаг –Асиман», Азербайжан, SOCAR, British Petroleum,

Жаңылыктар