Азербайжан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында мотокросс боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүшү мүмкүн

Түркиянын мотоцикл федерациясынын (TMФ) төрагасы Бекир Юнус Учар, 2022-жылы Дүйнөлүк мотокросс чемпионатын (MXGP) Азербайжанда жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) уюштурууну пландап жатканын маалымдады.

22 Ocak 2022 17:45

 

Түркиянын мотоцикл федерациясынын (TMФ) төрагасы Бекир Юнус Учар, Түркия мотоцикл спортунда улуттук жана эл аралык маанилүү ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, жаңы пландары менен бөлүштү.

Анын айтымында 2022-жыл жаңы мүмкүнчүлүктөргө жык толгон жыл болмокчу.

2022-жылы улуттук жарыштардын жана жарыштарга катыша тургандардын саны көбөйтүлөт. Бул жаатта бардык чаралар кабыл алынууда.

Ошондой эле Афьонкарахисарда Президенттик аппараттын демөөрчүлүгү менен мотокросс боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт.

Түркияда буга чейин Дүйнөлүк мотокросс чемпионатын 5 ирээт өтүп, бардыгы ийгиликтүү жыйынтыкталган.

Андыктан  Түркиянын мотоцикл федерациясы эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга маани берип, Дүйнөлүк мотокросс чемпионатын (MXGP) алгач Азербайжанда, кийинчерээк Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) уюштурууну пландоодо.

 

Anahtar Kelimeler: Азербайжан, ТКТР,

Жаңылыктар