Азербайжанда Алишер Навоини эскерүү кечеси өттү

Азербайжандын борбор шаары Бакуда улуу акын жана ойчул Алишер Навоини эскерүү иш-чарасы болуп өттү

24 Mayıs 2022 13:18

Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун имаратында өткөн иш-чарага Өзбекстандын Азербайжандагы элчиси Бахрам Ашрафханов, Азербайжандык, Өзбекстандык эл өкүлдөрү, академиктер жана жазуучулар катышты.

Иш-чарада сүйлөгөн Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева Алишер Навоинин Өзбекстан жана түрк дүйнөсү үчүн маанисине токтолду.

"Навоинин шедеври деп эсептелген «Хамсе» чыгармасы түрк тилинде жазылган.  Бул акындын түрк дүйнөсүнө болгон сүйүүсүн, урмат-сыйын жана берилгендигин далилдейт",- деди ал.

Иш-чара алкагында Навоинин ырлары көркөм окулуп, Өзбекстандын улуттук музыкасы тартууланды. Ошондой эле эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду басып чыгарган «Алишер Навоиинин чыгармалары» китебинин бет ачаары өттү.

 

Жаңылыктар