Азербайжанда "Кандуу январь" курмандыктары эскерилүүдө

Азербайжан эли 1990-жылдагы кыргында көз жумгандардын сөөгү көмүлгөн "шейиттер аллеясына" агылды.

20 Ocak 2022 16:31

Бүгүн, 20-январда, Азербайжанда «кара январь» курмандыктары эскерилди. 10 миңдеген Азербайжан жараны кандуу окуяда курман кеткендерди эскерүү үчүн шейиттер аллеясына агылды. 

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө өлкө боюнча бир мүнөттүк эскерүү болду. 

"Бизди талкалагылары келген, бирок ою ишке ашкан жок"

Курмандыктарды эскерүү үчүн шейиттер аллеясына барган Малик Мехдиев "Кандуу январь" окуяларына өз көзү меен күбө болгон. 

"19-январдан 20-январга караган түнү Бакунун кире бериштеринин биринде күзөттө турганынбыз. Болжол менен 100дөй киши элек. Түнкүсүн танктар менен бизге кол салышты. Туш келди аткылай башташты. Биз күзөт күтүп турган жерде 27 адам курман болду. Мен имараттын жер төлөсүнө баш калкалап аман калдым. Окуянын канчалык олуттуу экенин эртең менен күн чыкканда көрдүк. Кыргын азербайжан элине каршы атайын жасалган.",-деди ал.

"Кара Январь" окуяларына күбө болгондордун дагы бири Ферхат Гурбанов. Советтик танкттардын жайкын тургундарды кыргынгы учуратышы Гурбановдун күнү бүгүнкүдөй эсинде. Ал, Советтик армия өз жарандарын  (ал учурда Азербайжан СССРдин курамында болчу) аткылайт деп такыр ойлогон эмес. 

Ал эми Шүчаат Хусейинованын айтымында  1990-жылдын 20-январында бүгүнкүдөй кар жаап, ак кар, бейкүнөө адамдардын каны менен кызылга боёлгон. Куралдуу солдаттар куралсыз жарандарга кол салышкан. Бул пландуу иш болгон. Алар Азербайжан элин талкалагысы келген. Бирок алардын кара өзгөй ою ишке ашкан эмес.

Күнөөлүүлөр жазага тартылган жок

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги "Кандуу январь" окуясынын 32 жылдыгына байланыштуу билдирүү таратты.

Билдирүүдө «Кандуу январь» окуясы 20-кылымдагы эң коркунучтуу кылмыштарынын бири экендиги баса белгиленет. Бирок алигиче окуяларга эл аралык саясий жана укуктук баа бериле элек.

"Кылмышка мурдагы советтик администрация түздөн-түз жооптуу. Эл аралык мыйзамдарга ылайык, 20-январь окуясы адамзатка каршы кылмыш катары бааланып, аны ишке ашырганган жана күнөөлүүлөр жазага тартылышы керек" деп жазылат билдирүүдө.

"Кандуу январь"

1990-жылдары, армяндар, Тоолуу Карабакты Азербайжандан ажыратууну көздөп, бул жааттагы аракеттерин кеңейте баштаган. 1989-жылдын декабрь айында Армян Советтик Республикасынын Жогорку Совети Тоолуу Карабакты Арменияга кошуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Азербайжан эли, бул чечимге каршы чыгып, жүз миңдеген жаран Баку шаарында нааразылык акциясына чыккан. Бакуга агылган эл, армяндардын зулумчулдугуна жана Совет баскынчылыгына каршы чыгышып, Азаттык майданына чогулушкан. Митингдер үзгүлтүксүз уланып, бул абал, советтик администрациянын тынчын ала баштаган. Натыйжада Совет өкмөтү Бакуга жоокерлерди жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Азербайжан эли армиянын жолун буу үчүн шаардын кире беришине топтоло баштаган.

1990-жылдын 19-январында Советтик аскерлер Бакуга кирип келип, аларга тоскоол болууга аракет кылган карапайым элди кыргынга учураткан. Каргашалуу түндө 147 жайкын тургун каза тапкан.

Бул кандуу күн, ар бир Азербайжандыктын жүрөгүнүн түпкүрүндө кала берет. 

Азербайжан эли 32 жылдан бери 20-январда аза күтүп, курмандыктарын эскеришет.

 

 

Anahtar Kelimeler: Кандуу январь,

Жаңылыктар