Азербайжанда Нооруз майрамы белгиленди

Азербайжандын борбору Баку шаарында Ноорузга арналган иш-чара өттү.

22 Mart 2021 15:01

Иш-чараны Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду уюштурган. Майрамдык иш-чара алкагында «Дүйнөбүздү коргойлу: түрк дүйнөсүнүн каада-салттары жана үрп-адаттары» сүрөт конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды.

Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун төрайымы Гүнай Эфендиева катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Нооруз майрамы жалпыга таандык маданий баалуулук экендигин баса белгиледи.

«Нооруздун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргени кокустук эмес»,-деди ал.

Ал Нооруз — жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы экенин белгиледи.  

Нооруз майрамы үрп-адат, кадаа-салт, ырым-жырымдар менен коштолоорун белгилөө менен бирге  ата-бабалардан калган бул каада-салттар зор байлык экендигин айтып, «биздин максат ушул салттарды сактап калуу жана дүйнө жүзүнө жайылтуу»,-деди ал.

Өз кезегинде 30 жылдан бери душмандын басып алуусунда турган Карабактын бошотулушу чоң сыймык экендигин баса белгиледи.

Майрамдык иш-чарага Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Рамиз Гасанов, Түркиянын Азербайжандагы элчиси Эркан Озорал, Казакстандын Азербайжандагы элчиси Сержан Абдыкаримов, Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы убактылуу өкүлү Мухаммед Лу, Өзбекстандын Азербайжандагы элчилигинин атташеси Ойбек Акрамов, Түркмөнстандын Азербайжандагы элчиси Космос Ишангулиев, Литванын Азербайжандагы элчиси Эдигидус Навикас жана БУУнун Азербайжандагы туруктуу координатору Г.Исагзай катышышты. Алардин ар бири иш-чарага жана конкурска жогору баа беришти.

Anahtar Kelimeler: Азербайжан, Баку шаары, Нооруз,

Жаңылыктар