Азербайжанда улустун улуу күнү Нооруз майрамы белгиленүүдө

Баку шаарындагы азем тарыхый Ичкери Шехерде өттү. Улустун улуу күнү Ноорузга арналган салтанатка Баку шаарынын тургундары жана меймандары катышты.

21 Mart 2022 07:54

 

Азербайжанда Нооруз майрамы шаңдуу маанайда өтүүдө. Тарыхый Ичкери Шехерде майрамдык концерт өтүп, ыр-бийлер менен коштолууда. Андан сырткары Нооруз майрамына карата жарманке уюштурулган. 

Азем алкагында алгач Нооруз оту жагылды. Эл оттун айланасында топтолуп, бири-бирин майрамы менен жылуу куттуктады.

Азербайжанда Нооруз шаңы бир жумага созулуп, жарандар 28-мартка чейин эс алышат.

Ноорузга арналган жөрөлгөлөр

Азербайжанда Нооруз майрамына даярдыктар бир ай мурда эле башталат. Ноорузга чейин суу, от, жел, топурак чаршамбиси деген даталар белгиленет. Ар бир чаршамби ырым-жырымдар менен коштолот.

Суу чаршамбисинде тургундар үйдүн сыртын суу менен тазаласа, от чаршамбисинде айыл тургундары көчөгө от жагат. Жел чаршамбисинде үйдүн ичи тазаланып, желдетилсе, топурак чаршамбисинде от жагылып, салттуу даамдар даярдалат.

Ал эми Нооруз майрамы от үстүнөн атто, шакек төлгө салуу, жумуртка боё, короздорду тебиштирүү ж.б. жөрөлгөлөр менен коштолот.

Anahtar Kelimeler: Нооруз,

Жаңылыктар