Азербайжанда "Улуу Жибек жолу жана түрк дүйнөсү" аталыштагы эл аралык жыйын өттү

Азербайжандын борбору Баку шаарында Улуу Жибек жолу жана түрк дүйнөсү" аталыштагы эл аралык жыйын өттү.

28 Mayıs 2021 23:38

Эл аралык маданият жана мурас фонду уюштурган иш-чара алкагында "Жибек жолунун боюндагы Азербайжан" китебинин бет ачаары болуп өттү. 

Иш чарада сөз сүйлөгөн фонддун төрайымы Гунай Эфендиева түрк дүйнөсүнүн маданият жана мурасын коргоого багытталган долбоорлор боюнча маалымат берди.  

Өз кезегинде буга чейин ишке ашырылган иш-чараларга токтолду. Анын айтымында 2017-жылы Азербайжанда маданият аралык диалог боюнча 4-дүйнөлүк форум өткөн. Форумдун жүрүшүндө «маданият жана цивилизациялардын тоомундагы түрк дүйнөсү» аталыштагы тегерек стол уюштурулган.

Ал эми 2019-жылы маданият аралык диалог боюнча 5-дүйнөлүк форум өтүп, «Улуу Жибек жолунун түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы диалогду түзүүдөгү ролу» деген аталыштагы тегерек стол болуп өткөн. Тегерек столго Түрк кеңеши, ТүркПА, Түрксой, ЮНЕСКО, ИРСИКА уюмдарынын жетекчилери, элчилер, академиктер жана түркологдор катышкан.

Эфендиева өз кезегинде Армениядан бошотулган аймактардын маанилүүлүгүнө токтолду. Азербайжанга таандык болгон бул жерлер Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашып, негизги ролду ойноп турганын баса белгиледи.  

Анын айтымында, Азербайжанга таандык аймактар Армениянын баскынчылыгы алдында турган учурда жабыр тартып,  миңдеген жылдардан бери келе жаткан нукура архитектуралык эстеликтер, кербен сарайлар, байыркы мечиттер жана медреселер талкаланган. Көркөм өнөрдүн туу чокусу деп эсептелген бул эстеликтер, алдыда, кайрадан калыбына келтирилет.

Баку шаарында өткөн "Улуу Жибек жолу жана түрк дүйнөсү" деген аталыштагы эл аралык илимий конференция башка өлкөлөрдө да уюштурулат. Түркиянын Азербайжандагы элчиси Жахит Балжынын айтымында китептин бет ачаары Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда өткөрүлөт.

Anahtar Kelimeler: Түрк дүйнөсү,

Жаңылыктар