Азербайжандагы килем музейи

Азербайжандын борбору Баку шаарындагы килем музейи өзгөчө архитектурасы менен суктандырат.

06 Ağustos 2021 22:09

Азербайжан килем музейи Баку шаарынын чок ортосунда, Микаил Гусейинов атындагы көчөдө жайгашкан.

Сыртынан караганда, имарат, түрмөктөлгөн килемге окшош. Бул архитектура дүйнөсүндө өзгөчө.

Музейде Азербайжан килемдеринин уникалдуу өрнөктөрү көргөзмөгө коюлган.

Музей 1967-жылы негизделген. 2019-жылы оңдолуп, заманбап музейге айландырылган.

Музейге келгендерге килем токуунун маанилүүлүгүн үйрөтүп, орто кылымдагы керамика жана зер буюмдарын камтыган 10 000ден ашык буюмдарды көрсөтүшөт. Ошондой эле XIV кылымга  таандык металлдан жасалган буюмдар, Коло доорунан калган асыл таштар, улуттук кийимдер жана саймалар көргөзмөгө коюлган.

Anahtar Kelimeler: килем музейи, Азербайжан,

Жаңылыктар