Азербайжандагы Шахдаг тоо лыжа базасы

Шахдаг тоо лыжа базасы укмуштуудай кооз жаратылышы менен туристтерди өзүнө тартып турат. Белгилей кетсек Азербайжан Түркиялык жарандардан виза талап кылбайт.

22 Ocak 2022 17:45

Шахдаг тоо лыжа базасы - укмуштай кооз жаратылышка ээ тоодогу эс алуу жайы. База Баку шаарынан 180 км алыстыкта, Гусар облусунун этегиндегы Шахдаг улуттук паркына жакын жерде, токойлордун арасынан орун алган.

Аталган базанын фундеманти 2009-жылы негизделген. 2011-жылдан тарта этап этабы менен иштей баштаган. Аянты 108 гектар.  

Базада 5 телеферик кызмат кылат. Лыжа тебүү үчүн 17 трасса бар. Саатына болжол менен 15 000 киши колдонсо болот.

Базада жабдууларды ижарага алуу мүмкүнчүлүгү жана окутуу үчүн тажрыйбалуу инструкторлор бар.

Шахдаг тоо лыжа базасында лыжа тебүү сезону декабрь айынын ортосу менен башталып, апрелдин башына чейин созулат. Анткен менен жасалма кар жасай турган машиналар болгондуктан, борбордо, кар аз жааган мезгилде да лыжа тебүүгө болот.

Борбордо 1200 орундуу, 3, 4 жана 5 жылдыздуу 5 мейманкана бар.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Азербайжан, Шахдаг тоо лыжа базасы,

Жаңылыктар