«Азербайжандык акын аялдар поэзиясынын антологиясы» араб тилинде жарык көрдү

Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду чыгарган  «Азербайжандык акын аялдар поэзиясынын антологиясы» араб тилине которулду

28 Ocak 2022 13:06

Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын эл аралык деңгээлде таанытуу максатында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. Ушул алкакта «Азербайжандык акын аялдар поэзиясынын антологиясы» алгач азербайжан тилинде жарык көргөн. Көп өтпөй китеп англис, немис жана италия тилдерине которулган. Жакын арада китеп, араб тилинде жарык көрдү.

Анталогиянын окурмандары Азербайжандык акын аялдардын руханий дүйнөсүн, алардын коомдогу ордун, адабияттагы ролун таанып билүү менен бирге, Азербайжандын көп кылымдык маданий баалуулуктары тууралуу маалымат ала алышат.

Китептин алгы сөзүн Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун төрайымы Гүнай Эфендиева жазган. Ал, «руханий бийиктик» деп аталат.

Антологияны азербайжан тилинен араб тилине Египеттеги Айн Шамс университетинин профессору Ахмед Сами Элаиди которгон. Ал эми сүрөттөр жаш талант Мерьем Эседовага таандык.

Китепте 800 жыл бою дүйнөлүк адабий мураска кайталангыс үлгүлөрдү тартуулаган азербайжандык акын аялдардын ырлары, алардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар камтылган. Мехсети Гянджави, Агабейим ага Агабажи, Хуршидбану Натеван, Уммугулсум, Мирварид Дилбази, Нигар Рефибейли, Медине Гүлгүн жана башка лириктердин чоң чеберчилик менен жазылган чыгармалары орун алган.

Anahtar Kelimeler: «Азербайжандык акын аялдар поэзиясынын антологиясы»,

Жаңылыктар