Азербайжандык белгилүү композитор Кара Караев

Кара Абулфезоглу Караев-Азербайжан музыка маданиятынын алдыңкы композитору.

07 Ocak 2022 19:33

Азербайжан элинин белгилүү композитору, коомдук ишмер Кара Караев  1918-жылдын 5-февралында туулган.

Атасы белгилүү педиатр, апасы белгилүү акын Сона Ханым. Пианинодо абдан жакшы ойногон Сона Ханым балдарынын искусствого болгон сүйүүсүн ойготуу үчүн көп аракет жумшаган. 

Караевдин музыкалык таланты жаш кезинен эле байкала баштайт. Сегиз жашында Азербайжан мамлекеттик консерваториясында окуй баштаган. Анын биринчи устаты Азербайжанда классикалык музыканын атасы деп эсептелген Узеир Хажибеков болгон.

Караев Узеир Гаджибековдон кийинки Азербайжан музыкасынын экинчи ысымы. Ошондой эле совет музыкасынын өкүлү.

Белгилүү орус композитору Димитри Шостакович анын жакын досу болгон.

Низами поэзиясынын негизинде жазылган «Лейла жана Мажнун» симфониялык чыгармасы анын эң маанилүү чыгармаларынын бири.

1949-1953-жылдары Азербайжан мамлекеттик консерваториясынын ректору болуп иштеген.

Караев Ниязи Тагизаде, Ариф Маликов, Исмаил Хажибеков жана  Фараж Караев сыяктуу көптөгөн музыканттарды жана композиторлорду тарбиялаган.

Азербайжандын улуттук композициялык мектебинин негиздөөчүсү болгон.

Караевдин ысымы Азербайжандагы түрдүү оркестрлерге, музыкалык мектептерге жана мекемелерге ыйгарылган.

СССРдин эл артисти, Социалдык эмгектин баатыры жана башка бир канча сыйлыктардын ээси.

13-май 1982-жылы 64 жаш курагында Москва шаарында көз жумган. 

 

Anahtar Kelimeler: Кара Караев,

Жаңылыктар