Азербайжандык чабандес айым: Валешева Эльвина

Валешева Эльвина Карабак ат спорт клубунда эмгектенип, Азербайжандын желегин желбиретип келет.

17 Haziran 2022 20:07

Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропортунда Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы уюштурган 5-этноспорт фестивалы өтүүдө.

Фестивалга 56 өлкөдөн келген 5 миңден ашык спортчу катышууда.

Салттуу спорт түрлөрүн кадырлоо жана келечек муунга өткөрүп берүүнү көздөгөн фестивалга Азербайжандан Карабак ат спорт командасы катышып жатат.

Алардын ат үстүндөгү шоусун көрүүчүлөр чоң кызыгуу менен көрүштү.

Azerbaycan’ın cesur kadını: Valesheva Elvina

Азербайжандын желегин желбиретүү - биз үчүн чоң сыймык

Курама командадагы чабандестердин бири Валешева Эльвина.

Ат, анын жашоосунда өзгөчө мааниге ээ.

«Бала кезимден бери аттарды жакшы көрүп, аларга аяр мамиле кылам. Ат мингенди абдан жакшы көрөм. Атсыз жашоону элестетүү кыйын. Карабактын аргымактарын айрыкча жакшы көрөм. Командабыз менен чет өлкөлөрдө шоу тартуулоону жакшы көрөбүз. Бирок мени чындап толкунданткан нерсе – өлкөмдүн желегин желбиретүү»,- дейт ал.

Azerbaycan’ın cesur kadını: Valesheva Elvina

Жаңылыктар