Азербайжандык көрүнүктүү ырчы жана актёр  — Бейбутов Рашид Межид оглы

Бейбутов Рашид Межид оглы 1915-жылы 14-декабрда Тбилисиде жарык дүйнөгө келген.

11 Şubat 2022 19:13

Апасы Фирузе айым Векиловдордун үй-бүлөсүнөн болгон.

Бейбутов бала кезинен мектептин хорунда ырдап, 1933-жылы темир жолчуларды даярдоо мектебине тапшырган.

Бейбутов 1945-жылы «Аршин мал алан»,  киносуна тартылып, башкы ролду жараткан. Көркөм тасма жарыкка чыкканда, ал Азербайжанда гана эмес, бүтүндөй Советтер Союзунда чоң популярдуулукка ээ болгон. 1946-жылы Бейбутовго кинодо жараткан ролу үчүн Сталин сыйлыгы ыйгарылган.

1949-жылы Будапешгтеги Бүткүл дүйнөлүк конкурста 1-сыйлыкка ээ болгон.

1944-56-ж. Азербайжан мамлекеттик  филармониясынын, 1953-60-ж. Мирза Ахундов атындагы Азербайжан опера жана балет театрынын солисти.

Көрүнүктүү партиялары: Аскер (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Балаш (Ф. Амиров, «Севиль»).

Азербайжан мамлекеттик концерттик ансамблинин уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси.

1966-ж. Ыр театрын уюштурган жана өмүрүнүн акырына чейин ошол театрда көркөм жетекчи жана солист болгон.

Азербайжан элдик ырлары менен катар бенгал, перс, хинди, орус, түрк жана урду тилдеринде ырларды аткарган.

Аргентина, Албания, Бельгия, Улуу Британия, Кытай, Эфиопия, Финляндия, Индия, Ирак, Иран, Чили жана Түркия баш болгон өлкөлөрдө концерт берген.

Анын Түркиядагы алгачкы концерттери 1961-жылы скрипач Азад Алиевдин коштоосунда Анкара жана Стамбулда өткөн.

Сахнага микрофонсуз чыгып ырдап, Советтер Союзуна атагы тараган.

«Алыскы Индияда» китебинин автору. 

СССР эл артисти (1959), Социалистик Эмгектин Баатыры (1980) наамдарынын ээси.

Белгилүү ырчы,  9-июнь 1989-жылы Москва шаарында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Anahtar Kelimeler: Бейбутов Рашид Межид оглы, Азербайжан,

Жаңылыктар