Азербайжандын анары

Анар - эң көп талап кылынган мөмөлөрдүн катарын толуктайт. Аталган мөмө Азербайжанда кеңири өстүрүлүп, бир катар өлкөлөргө экспорттолот

06 Haziran 2022 12:02

Азербайжандын Аран, Гөйчай жана Күрдемир облустарында анардын сапаттуу сорту өстүрүлөт.

Анардын Азербайжанда өстүрүлгөн сорту Европа өлкөлөрүндө чоң суроо-талапка ээ.

Республика боюнча 25 миң гектар жерде анар өстүрүлүп, жылына 170-190 миң тонна түшүм алынат.

Анар мөмөсү - Азербайжандын символу! Анарга арналып бир катар ырлар жазылган.

Гөйчай аймагында анардын бир нече түрү (велес, ширин, гүлөйше, шихбаба) өстүрүлгөндүктөн, «Азербайжандын анар борбору» катары таанымал. Аймакта жыл жайын «анар фестивалы» уюштурулуп турат. Фетиваль алкагында ыр-бийлер аткарылып,  «анарды бат жемей», «анардын суусун сыгуу», «эң чоң анар» сымал конкурстар өткөрүлүп турат.

Анар - анар тукумундагы бадал же анча чоң эмес  дарак. Жалбырагы калың, күбүлмө. Гүлү кош жыныстуу, жалгыздан же топ гүлдүү.  Тоголок, саргыч, кызыл кабыктуу. Мөмөсү сентябрь, ноябрда бышат. Aнардын ширесинде кант, лпмон кислотасы, танин, С витамини бар. Ширесинен суусун, сироп, татымал даярдалат.

Жаңылыктар