Азербайжандын эл артисти Муслим Магомаев

Муслим Магомаев - Советтер Союзунун жана Азербайжандын легендарлуу опера (баритон) жана эстрада ырчысы, композитор

29 Ocak 2022 12:56

Муслим Магомаев 1942-жылы Баку шаарында туулган. Алгачкы концерттин 15 жашар өспүрүм кезинде Баку музыкалык консерваториясында берген.

Баку консерваториясын бүтүргөн соң, чыгармачылыгын өркүндөтүп, өлкөнү кыдыра баштаган.

20 жашка чыкканда Кремлде концерт коюп, ошол замат атактуу болгон.

Ал алгачкы чыгармачылык жолун операга арнап, Азербайжандын опера жана балет театрынын солисти болгон.

1960-жылдардан тарта популярдуу музыкага ыктай баштаган. СССРди кыдырып концерт берип жүргөн учурда чет өлкөлөрдөн сунуштар түшкөн.

Финляндия жана Польшада өткөн музыкалык фестивалдарга катышкан.

Кийин поп-музыкага өтүп, ошол мезгилдин атактуу ырчыларынын катарына кошулган.

31 жаш курагында СССРдин Эл артисти наамына ээ болгон.

1997-жылы Күн системасындагы бир планетага анын ысымы ыйгарылган. Ал «4980 Магомаев» деп аталат.

2002-жылы Россиянын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланган.

Муслим Магомаев 25-октябрь 2008-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сөөгү Баку шаарындагы көрүстөнгө коюлган.

Anahtar Kelimeler: Муслим Магомаев, Азербайжан,

Жаңылыктар