Азербайжандын салттуу даамдары

Азербайжан жана Анадолу түрк ашканасынын көптөгөн окшоштуктары бар.

29 Mayıs 2021 12:38

Азербайжан эли меймандос, кең пейил эл экендигин анын дасторконунан билүүгө болот. Азербайжан дасторконунан элдин мүнөзү, жашоо образы байкалат. Азербайжан элинде эт, дан азыктарынан жана жашылчанын түрлөрүнөн жасалган тамактын түрлөрү өтө көп. Азербайжан ашканасында бир гана палоонун 100дөн ашык түрү бар.

Дүшпара/чүчпара

Азербайжан элинин эттен жасалган салттык тамагы.  Фаршына эт, куйрук май, пияз кошулат. Майда түйүлүп, сарымсак, уксус менен аралаштырып, кооздук үчүн райхан себеленет.

Пити шорпосу

Пити шорпосу - нокот буурчагы, козу эти, куйрук май, картошка, пияз, чие кара өрүк жана помидордон жасалган азербайжандыктардын тамагы. Шорпо бышырылган идиштерге даярдалып, берилет.

Шах палоо

Шах палоо Азербайжан элинин сый тамактарынын бири. Палоолордун шахы. Аны даярдоо үчүн күрүч, эт, май, ошондой эле пияз, кургатылыган өрүк, мейиз ж. б. кошумчалар керектелет. Сыртка катмары жука жайылган камыр менен жабылат. Палоону басуу өтө татаал, бирок даамы сонун! Шах палоо Осмон ашканасынын ажырагыс бөлүгү болгон.

Левенги

Иран чек арасы менен чектеш Астара аймагында күн сайын жасалган тамак-аш. Балык, тоок жана каздын бүкүлү этинен жасалат. Балык, тоок же каздын ичине томат пастасы, кара өрүк, жаңгак жана кара мурч салынат да духовкада бышырылат.

Шакербура

Таттуу токоч. Ичи жаңгактардын ар кандай түрлөрү менен толтурулат: фундук, жаңгак жана башкалар. Пирогдун формасы айга окшошуп кетет. Көбүнчө Ноорузда жасалат.

Пахлава

Салттуу рецепт боюнча пахлава ун, сүт, жумуртка, каймак, кургак ачыткы, шекер жана татымалдан жасалат. Бирок анын негизин ун, жаңгак жана бал түзөт. Салттуу пахлавада камырдын бардык катмарлар кол менен жайылат.

 

Anahtar Kelimeler: Азербайжан ашканасы,

Жаңылыктар