2023

Азербайжандын Шуша шаары шаары 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болот

Шуша шаары 2023-жыл үчүн “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланды. Мындай чечим Түркиянын Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин кезексиз отурумунда кабыл алынды.

31 Mart 2022 19:53

Түркиянын Бурса шаарында ТҮРКСОЙ мамлекеттеринин маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Жыйын жыйынтыгында Азербайжандын Шуша шаары 2023-жылы «түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланды.

Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы болду. Мындай чечим Түркиянын Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмунун кезексиз жыйынында белгилүү болду. Султан Раевдин талапкерлиги ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин чечими менен бекиди. Султан Раев бул кызматты 2025-жылга чейин аркаламакчы.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жыйын жыйынтыгына сүйлөгөн сөзүндө, иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. Түрк дүйнөсүнөн келген меймандарды Бурсада коноктоо Түркия үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи. Өз кезегинде 2022-жылы Бурса шаарында бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлөрүн кошумчалады. 

Министр Эрсой ковид-19 пандемиясынын 2022-жылы бүтөрүнө үмүт артып, үстүбүздөгү жылдын ийгиликтүү болушун каалады.

Ал ошондой эле буга чейин ТҮРКСОЙду жетектеп келген Дүсен Касеиновго ыраазычылык билдирди. 

"Касеинов мырзага ТҮРКСОЙдун алкагында түрк маданиятын жана искусствосун түшүнүүгө, сактоого жана жайылтууга жана биздин боордош өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирем",-деди ал.

Министр Эрсой кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раевди Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун баш катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. 

Жыйын жыйынтыгында ТҮРКСОЙ мамлекеттеринин маданият министрлери Касеиновго белек тапшырды.

 

Anahtar Kelimeler: ТҮРКСОЙ, Шуша,

Жаңылыктар