Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги: Армениядагы Мецамор АЭСи дүйнөдөгү эң кооптуу атомдук станциялардын бири

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Армениядагы Мецамор АЭСи дүйнөдөгү эң кооптуу атомдук станциялардын бири экендигин белгилеп, дүйнөлүк коомчулукту аталган станцияны жабуу үчүн чара көрүүгө чакырды.

26 Nisan 2021 18:56

 

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Чернобыль Атом электр станциясында болгон жарылуунун 35 жылдыгына карата жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө Азербайжан Чернобыль апаатынан жапа чеккен өлкөлөрдүн катарында экени баса белгиленген.

«Жардам үчүн барган  7 миң азербайжандык жарандын 2 миңи кийинчерээк каза болуп, калган 5 миң киши окуядан катуу жапа чеккен»,-деп жазылат билдирүүдө.

Министрлик өз кезегинде Армениядагы Мецамор атомдук электр станциясындагы коркунучтарга басым жасаган.

«Атомдук электр станцияларынын коопсуздугу алар жайгашкан мамлекеттерди гана эмес, коңшу мамлекеттерди да кооптондурбашы керек. Армениядагы Мецамор атомдук электр станциясындагы тобокелчиликтер эл аралык коомчулук тарабынан ар тараптуу иликтениши зарыл. Мецамор атомдук электр станциясы Чернобылда колдонулган технология менен салынган жана активдүү сейсмикалык зонада жайгашкан. Андыктан Мецамор АЭСи дүйнөдөгү эң кооптуу атомдук электр станцияларынын бири. Ар кандай эл аралык уюмдар аталган станцияны "бүтүндөй аймакка коркунуч" деп мүнөздөп, эскертүү жасап келишет. Ага карабастан Армения Мецамор АЭСин пайдаланууну улантууда»,-деп жазылат билдирүүдө.  

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Мецамор АЭСи аймак үчүн олуттуу экологиялык көйгөйлөрдү да жаратаарын баса белгилеп,  бардык эл аралык институттарды, өзөктүк коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдарды жана региондогу мамлекеттерди табигый кырсыктардын алдын алуу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга жана Мецамор атомдук электр станциясынын ишин токтотуу үчүн аракеттерди жумшоого чакырды.

Белгилей кетсек Армениядагы "Мецамор" АЭСи 1976-жылы ишке киргизилген.

 

Anahtar Kelimeler: Азербайжан, эскертүү, Армения, Мецамор АЭСи,

Жаңылыктар