Азербайжандын улуттук көркөм өнөр музейи

Азербайжандын улуттук көркөм өнөр музейи – Баку шаарындагы манилүү музейлердин бири.

22 Nisan 2022 20:55

Азербайжандын улуттук көркөм өнөр музейи шаардын борборундагы Ниязи көчөсүндө жайгашкан.

Музей 1936-жылы негизделген.

1943-жылы белгилүү азербайжандык театралдык-декоративдик өнөр адамы Рустам Мустафаевдин ысымы ыйгарылган.

Музей 19-кылымга таандык эки неоклассикалык имараттан турат. Алардын бири 1885-жылы курулган «Де Бур сарайы» болсо, экинчиси 1895-жылы курулган «Мариински» атындагы кыздар лицейи.

Алгачкы имарат Батыш Европанын көркөм коллекциясына арналан. Ал жакта белгилүү француз, голланд, немис жана поляк сүрөтчүлөрүнүн эмгектери орун алган. Ал эми экинчи имарат Чыгыш искусствосуна арналып, анда иран, түрк, кытай жана япон искусствосунун үлгүлөрүн кездештирүүгө болот.

Музейде 15 миңден ашык эмгек коюлган. Бирок алардын 3000и гана туруктуу коллекцияда. Калган 12 миң экспонат музейдин кампаларында сакталып турат.

Музейдин эшиги дүйшөмбүдөн сырткаркы күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин ачык.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Азербайжан, улуттук көркөм өнөр музейи,

Жаңылыктар