Азербайжандын жанар тоосу …

Жанар тоо Каспий деңизинин жээгинде, борбор калаа Бакудан анча алыс эмес Апшерон жарым аралында жайгашкан.

25 Şubat 2022 21:40

Жанар тоонун майда тешиктүү катмарынан жалын чыгып турат. Кээде анын узундугу 15 метрге чейин жетет.

Аймактагы геологиялык изилдөөлөр жана тарыхый маалыматтарга таянсак, жанар тоонун тарыхы б.з.ч. кылымдарга таянат.

Жанар тоо 7-кылымга чейин Маги храмы катары колдонулган.

Илгери, өрткө сыйынгандардын ыйык жайы болуп, Иран, Индия жана Пакистандан зороастрийлер байма-бай келип турган.

Жанар тоого бүгүнкү күндө туристтер көп келет.

Жанар тоону камтыган аймак, Азербайжан Республикасынын Президенти И. Алиевдин 2007-жылдын 2-майындагы жарлыгы менен Мамлекеттик тарых-маданият жана жаратылышты коргоо аймагы болуп жарыяланган.

2017-2019-жылдары оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, жанар тоо музейи жана вулкан долмен таш көргөзмөсү ачылган.

Anahtar Kelimeler: Азербайжан, жанар тоо,

Жаңылыктар