Азиядагы байыркы шаар: Казан

Татарстандын борбору Казан шаары түрк-ислам искусствосунун сейрек кездешүүчү үлгүлөрүнө бай шаар.

29 Mart 2021 12:31

Татарстан Республикасы – Россиянын курамындагы Республикы. Чыгыш Европа түздүгүнүн чыгышында жайгашкан. Аянты 68 миң чарчы чакырым. Калкы 4,0 млн. Волга дарыясынын өрөөнү Татарстандын аймагын оң жана сол жээкке бөлөт. Оң жээги Волга бою дөңсөөсүнүн түндүк бөлүгү, сол жээгин Кама дарыясынын өрөөнү кесип өткөн Волга бою түздүгү ээлейт. Түштүк-чыгышында Бугульма-Белебей дөңсөөсү жатат.

Административдик борбору – Казан шаары. Волганын сол жээгинде, Казанка дарыясынын куя беришинде жайгашкан. Калкынын саны боюнча Россиядагы 8-шаар.

Татарстандын калкынын негизин татарлар (53%), орустар (39,7%) түзөт. Ошондой эле чуваш, удмурт, мордова, марийлер, башкырлар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт.

Татарлар  Борбордук Азияны мекендеген байыркы элдердин бири. Алар Ислам динин 922-жылы кабыл алышкан.

Татарстан жаратылыш байлыктарына бай

Татарстанда нефть, курулуш материалдары ж. б. казылып алынат. Жылына 32 миллион тонна мунай өндүрүлөт.  Машина куруу (самолёт, ЭВМ ж. б.), металл иштетүү заводдору, хим, нефть-химиялык (жасалма каучук, кинофото ж. б.), химиялык, фармацефтика, жеңил (механикалык, тери ж. б.), тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт.

Керемет Казан шаары

Казан – керемет шаар. Анда бир нече маданияттар айкалышып, ар улуттун өкүлдөрү чогуу жашашат. Шаардагы уникалдуу архитектура, меймандос шаардыктар, көчөлөрдүн чок ортосунда орун алган өзгөчө эстеликтер суктандырат. Шар аккан дарыялар, жапжашыл теребел менен айкалышып, теңдешсиз рахат тартуулайт. Таза жолдору, парктардын көптүгү менен таң калтырат.

Эч кандай тыгын жок

Казан шаары  жөө жүрүүгө ыңгайлуу шаар. Анткени шаардын борбордук бөлүгүнөн эң алыскы районго жарым саатта жетүүгө болот. Шаардыктар да машинага жакын эмес. Таң атпай парктарда спорт менен машыгып, велосипед тээп же жөн гана сейилдеп жүргөндөр арбын.

Айтылуу Баумана көчөсү

Баумана көчөсүн Казандын жүрөгү деп  аташат. Көчө бойлой ар кандай буюмдар сатылган дүкөндөрдү, кафе-ресторандарды кездештирүүгө болот.

Эл көп болгон Баумана көчөсү музыканттар үчүн ар дайым талантын көрсөтүү үчүн популярдуу жай. Татар элдик музыкасынан тартып, тажрыйбалуу салттуу топторго чейин, күн сайын ырларын аткарган укмуштуу таланттар арбын. Бул жер  Стамбулдун эң белгилүү Истиклал көчөсүнө окшош.

Музыкканттардан тышкары көчөдө сүрөтчүлөр, иллюзионисттер, пандомима аткаруучулары, спортчулар, клоундар өз таланттарын көрсөтүү менен кошумча акча табууга аракет кылышат.

Шаардагы эң кызыктуу имарат бул-Казан Кремль. Орус жана татар каада-салтын айкалыштырган эбегейсиз чоң имарат. 

Кул-Шариф мечити

Казань шаарындагы айтылуу имараттардын бири бул–Кул-Шариф мечити. Казань Кремлинин аймагында жайгашкан.

XVI кылымда Иван Грозный баштаган орус аскерлери Казанга кирип келишкенде, татар эли аларга айыгышкан каршылык көрсөтүшкөн. Ошол учурда татар колунун башында көрүнүктүү руханий лидер, дипломат, мамлекеттик ишмер Кул Шариф аттуу адам турган. Кагылышууда ал жана анын жоокерлери курман болушкан.

Арадан бир нече кылым өткөн соң татарлар мечитти калыбына келтирүү ишин баштап, 2005-жылы керемет имарат курулган.

Anahtar Kelimeler: Казан шаары, Татарстан Республикасы,

Жаңылыктар