Баба Аннанов —Түркмөнстандык чебер актёр жана режиссёр

Белгилүү режиссёр Баба Аннанов түркмөн кино искусствосунда көрүнүктүү из калтырган улуу инсан

18 Şubat 2022 18:44

Баба Аннанов 1934-жылы Ашхабад шаарынын Карадамак айылында туулган.

1958-жылы Ташкенттеги Н.Островский атындагы көркөм-театр институтун бүтүргөн. Институтта окуп жүргөндө өзбек киностудиясы тарткан «Жөнөтүү», «Прокурор», «Биринчи экзамен» тасмаларында башкы ролдорду жараткан.

Алгачкы кесиптик жолун Түркмөнстандын Лебап облусундагы Сейитназар Сейди атындагы мамлекеттик музыкалык драма театрында баштаган. «Тагдыр», «Ат уурдаган адам» тасмаларында унутулгус ролдорду жараткан. Алты Карлиевдин «Чечкиндүү кадам» тасмасында башкы каармандын ролун ойногон. Өвүлягулы Кулиевдин режиссерлугунда тартылган «Кечпелек» көркөм тасмасында акын Бердимураддын ролун таамай ачып берген.  Ал, түркмөн киносунда өчпөс из калтырып, көрүүчүлөрдүн терең урматтоосуна ээ болгон.

Аннанов кинорежиссёрлук кызматты да аркалаган. «Каризгенлер», «Зухра-Тахир», «Оор жүк», «Сардар» тасмаларын тарткан.

Баба Аннанов түркмөн маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, 1969-жылы, Түркмөнстандын Махтумкулу атындагы эл аралык сыйлыгы менен сыйланган. 1985-жылы СССРдин Эл артисти наамы ыйгарылган.

Баба Аннанов Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Украинанын кино ишмерлери менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган. Алсак залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» романынын негизинде тартылган «Манкурт» тасмасында башкы ролду жараткан. Ошондой эле Түркия-Түркмөнстан, Түркмөнстан-Өзбекстан мамлекеттери биргелеше тарткан тасмаларда ойногон.

Чебер актер Баба Аннанов 21-декабрь 1991-жылы 57 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Anahtar Kelimeler: Баба Аннанов, актёр, режиссер, Түркмөнстан,

Жаңылыктар