Бабалардан калган салт: Көк бөрү оюну

Түркиянын Ван облусуна караштуу Эржиш райоундагы Улуу Памир айылында жашаган кыргыздар көк бөрү оюнун аздектеп, муундан муунга өткөрүп келет.

10 Nisan 2021 18:47

1980-жылдары Ооганстандын Памир жайлоосунан көчүп келип, Түркиядагы Улуу Памир айылына отурукташкан кыргыздардын бирден бир максаты каада-салттарын сактап калуу. Дал ушул максат менен Улуу Памир айылында жашаган кыргыздар «Улуупамир»  көк бөрү спорттук клубун жана коомун негиздеген. Аны негиздөөгө Ван губернаторлугу жана Эржиш акимчилиги колдоо көрсөткөн.

Кыргыздар учурда бир катар коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүп келишет. Ал эми чоң салтанаттарда, майрамдарда жана тойлордо көк бөрүнүн кызыгына батышат. Ошондой эле өлкө аймагындагы жана чет өлкөлөрдөгү спорттук мелдештерге да катышып жүрүшөт.

Оюндун тартиби

Алгач мара белгиленет. Калыс оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша барабар санда эки жаатка бөлөт. Ал атчан келип, колундагы көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жоолошуп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү ыңгайы келсе өнөктөштөрүнө берүүгө, аягында марага таштоого аракеттенет. Ал эми атандаштары көк бөрүнү андан жулуп алып, өздөрүнүн марасына таштоого аракеттенишет.

Тамыры терең көк бөрү оюнун муундан муунга өткөрүп берүү негизги милдетибиз

Көк бөрү клубунун төрагасы Якуп Тимур баса белгилегендей көк бөрү оюнунун жаралышы алыскы тарыхка барып такалат. «Улуупамир»  көк бөрү спорттук клубу таймаштарга Түркиянын атынан катышып келет.

Көк бөрүнүн келип чыгышы

Эркектер ууга чыгып же согушка аттанганда мал жандыктар аксакал, аялдар жана жаш балдардын карамагында калган. Ошол учурда карышкырлар айылга кирип келип, малдарды кырып, айыл элине коптөгөн кыйынчылыктарды алып келген күндөр арбын болгон. Согуштан кайтып келген эр жигиттер мындай көрүнүшкө жини келип, чымыр, шамдагай, күлүк аттары менен карышкырлардын үүрүнө ууга чыгышкан.

Үүрдү кубалап жеткен соң качып бараткан карышкырды жерден эңип, бири бирине ыргытышып, кайра бөрүнү талаша бири-биринин колунан жулушуп ойношкон.

Бүгүнкү күндө көк бөрү –ат үстүндө ойнолуучу улуттук оюнга айланган.

Anahtar Kelimeler: Улуу Памир айылы, Көк бөрү,

Жаңылыктар