Баку шаарын душмандан куткарган айтылуу Нури Паша

Нури Паша – 28 жашында 12 миң кишилик Кавказ ислам армиясын жетектеп, Баку шаарын армян баскынчыларынан жана большевик аскерлеринен куткарган улуу аскер.

06 Mart 2022 08:36

Нури Паша 1890-жылы азыркы Македониянын Битола (ал учурда шаар Омон дөөлөтүнө таандык болгон) шаарында туулган. Башталгыч жана орто мектепти бүтүргөндөн кийин аскердик окуу жайга тапшырган. 1909-жылы аскердик окуу жайды аяктап, кенже лейтенант наамын алган. Балкан аймагында кызмат өтөп, 1911-жылы Триполи согушуна катышкан.

Осмон империясы Биринчи дүйнөлүк согушка киргенде «султандын адъютанты» даражасы берилген.

1917-жылга чейин Триполи менен Бенгазиде кызмат өтөгөн. Бул жылдары британ, италия жана француз аскерлерине каршы салгылашкан.

Нури Паша жетектеген Кавказ ислам армиясы 1918-жылдын 15-сентябрында Бакуну бошоткон

Армян баскынчылары жана большевик аскерлери Азербайжанга коркунуч туудуруп, аймактарды басып алып жаткан учурда, Нури Пашанын улуу агасы Энвер Паша Осмон дөөлөтүнүн Согуш министри болгон. Азербайжан менен Дагестан Осмон дөөлөтүнөн жардам сурап кайрылганда, Энвер Паша 12 миң аскерден турган кавказ-ислам армиясын негиздеген. Армиянын командири болуп Нури Паша дайындалган.

Нури Паша жетектеген кавказ-ислам армиясы Гөйчай, Салян, Агсу жана Күрдемирди большевиктердин жана армян баскынчыларынан тазалаган. 1918-жылдын 15-сентябрында Бакуну душмандан бошоткон. Кавказ-ислам армиясы Бакудагы салгылашта 1130 аскеринен ажыраган.

Мудрос келишимине кол коюлгандан кийин кавказ-ислам армиясы Бакудан кетүүгө аргасыз болгон. Нури Паша Батумиде англиялыктар тарабынан колго түшүрүлгөн. 1919-жылдын 8-августунда кавказдыктардын жардамы менен абактан качып чыкан.

Түрк коргонуу өнөр жайына олуттуу салым кошкон

Нури Паша 1924-жылы Стамбулда керамика иштеткен ишкана ачкан. Көп өтпөй согуш өнөр жайына багыт алып, Сүтлүжеде завод сатып алып, бул жерде, армияга курал-жарак жана ок-дары өндүрүлгөн. Куралдын ар кандай конструкцияларын жасап, алардын патентин алган. «Нури тапанчасы» деп аталган 9 миллиметрдик мылтык жасап, анын сериялык өндүрүшүн чыгарган. Анын заводунда замбиректер, миномёттор, зениттик снаряддар жана авиабомбалар өндүрүлгөн. Ал жеке сектордо ички согуш өнөр жайынын өнүгүшүнө ири салым кошкон.

Палестина элин колдогон

Нури Паша араб-израиль согушунда араб аскерлерин жана Палестина элин колдогон. Аймакта Израиль мамлекети негиздилген соң араб козголоңчулары үчүн курал-жарактар жана ок-дарыларды өндүргөн.

1949-жылдын 2-мартында Сүтлүжедеги фабрикасында чоң жарылуу болуп, Нури Паша каза болгон.

Жардырууну айрымдары кокустук катары бааласа, айрымдары Израилдин чалгын кызматы атайын уюштурганын божомолдоп келишет.

Anahtar Kelimeler: Нури Паша, Кавказ ислам армиясы, Баку, Осмон дөөлөтү,

Жаңылыктар