Баку шаарындагы Шейиттер аллеясы

Шейиттер аллеясы-Түркиялык жана Азербайжандык жоокерлердин сөөгү коюлган жер.

17 Temmuz 2021 13:47

Шейиттер аллеясы Азербайжандын борбору Баку шаарында орун алган. Ал жерге 1918-жылдагы Бакунун алдындагы салгылашууда шейит кеткен Азербайжандык жана Осмон жоокерлеринин сөөгү коюлган.

Совет доорунда аймактын аты Сергей Киров атындагы парк деп өзгөртүлгөн.

1990-жылдын 20-январында Азербайжанда «кара январь» окуясы ишке ашкан. Кызыл армия 1990-жылдын 20-январында Бакуга басып кирип, көз карандысыздыкка суусап турган элди кыргынга учураткан. Ошол күнү эгемендүүлүк үчүн көз жумган жарандар да ушул жерге коюлуп, парктын ысымы кайрадан «шейиттер аллеясы» деп өзгөртүлгөн.

Паркта шейиттер эстелиги жана Түрк-Азербайжан достугу монументи орун алган.

Anahtar Kelimeler: Шейиттер аллеясы, Азербайжан,

Жаңылыктар