Баку шаарындагы уникалдуу эстелик:

Кыз мунарасы – Баку шаарындагы кооз, сырдуу жана табышмактуу архитектуралык эстелик.

21 Nisan 2021 13:47

Шаардын чок ортосунда жайгашкан тарыхый Ичери-Шехер бүгүнкү күндө  Бакунун маданий борбору болуп саналат. Ичери-Шехер Каспий деңизинин жээгинде жайгашып, 22 гектар аянтка салынган.

Кыз мунарасы жана Ширваншахтардын сарайы сыяктуу көптөгөн тарыхый эстеликтер Ичери-Шехерде орун алган.

Ичери-Шехер 2000-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Бүгүнкү күндө жергиликтүү жана чет элдик туристер көп барган тарыхый аймактардын бири.

Ичери-Шехердин эң маанилүү символу бул «Кыз мунарасы»

Тарыхый-архитектуралык эстелик XII  кылымда курулган. Бирок анын пайдубалы б.з.ч. кылымдарга таандык.

Мунара бышкан кыш менен  «Q»  тамгасындай тургузулган.  Бийиктиги 27 метр. Архитектору Месуд бин Давуд.

Мунара ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Мунарага арналып опера жана балеттер коюлуп, көптөгөн ырлар жазылган. Ал көрүнүшү жана тарыхы менен жаратман адамдарга илхам булагы болуп келет.

Мунара өзүнүн кооздугу, уникалдуулугу  менен айырмаланып, кызыктуу уламышы менен зыяратчыларды таң калтырат.

Мунаранын сүрөтү монеталарда жана айрым расмий документтерде символ катары колдонулат. Бүгүнкү күндө 8 кабаттуу мунарада сувенирдик бутиктер  орун алып, ар кандай көргөзмөлөр уюштурулуп келет.

 

Anahtar Kelimeler: Кыз мунарасы, Баку шаары, Азербайжан,

Жаңылыктар