Бакуда Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилүүдө

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Хожалы кыргынынын 30 жылдыгына байланыштуу президент Илхам Алиев жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда эскерүү аземи өттү

26 Şubat 2022 14:25

Азербайжанда Хожалы курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү. Президент И. Алиев баштаган мамлекеттик жетекчилердин жана элдин катышуусунда Азаттык аянтында  жүрүш өттү. И. Алиев, Хожалы курмандыктарына арналып орнотулган эстеликке гүл чамбар койду.

Расмий салтанаттан кийин эстелик коомчулукка ачылды. Эл эстеликке агылды. Иш-чарага кыргындан аман калгандар жана курмандыктардын жакындары да келишти.

Түркия Азербайжанга ар дайым колдоо көрсөтөт

Түркиянын Азербайжандагы элчиси Жахит Багжы жетектеген элчиликтин кызматкерлери жана Бакудагы түрк мекеме жана уюмдарынын өкүлдөрү "Ана Феряды" эстелигин зыярат кылып, Хожалы кыргынында курман болгондорду эскеришти.

Жахит Балжы Түркиянын Хожалы үчүн адилеттик талап кылган Азербайжанга ар дайым колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Ал 1-Карабах согушунда дайынсыз жоголгон 4 миңге жакын азербайжандын тагдыры дагы эле белгисиз экенин эске салды.

Хожалы кыргыны

Советтер Союзу тарагандан кийин армяндар, Азербайжанга таандык болгон жерлерди талап кыла баштаган. Көп өтпөй чабуулга өтүп, 1991-жылдын аяк ченинде  стратегиялык жактан маанилүү Хожалы шаарын курчоого алып, шаарды басып алуу аракетин көрүшкөн. 

Бир канча айга созулган чабуулдан кийин 1992-жылдын 25-февралында армяндар, Советтер Союзунун 366-мотоаткычтар полкунун жардамы менен кол салууга өткөн.

Бул түнү 613 бейкүнөө адам өлтүрүлгөн. Алардын 63ү жаш балдар, 106сы аял, 70и карылар болгон. Кыргында 487 киши оор жаракат алган. Оор жаракат алгандардын 76сы жаш балдар болгон. 1275 киши туткунга түшкөн. Дайынсыз жогологон 150 кишинин тагдыры азыркыга чейин белгисиз.

 

Жаңылыктар