Бакудагы тарыхый эстелик-Ширваншахтар сарайы

Азербайжан архитектурасынын эң байыркы жана уникалдуу эстеликтеринин бири болгон Ширваншахтар сарайы  Бакудагы тарыхый тамыры терең  Ичери-Шехерде жайгашкан.

26 Haziran 2021 08:58

Ширваншахтар сарайы - XV кылымда салынган. ЮНЕСКО сарайды «Азербайжан архитектурасынын берметтеринин бири» деп мүнөздөгөн.

Сарай XIII кылымда салына баштап, XVI кылымда салынып бүткөн.

Комплекстин башкы имараты 1411-жылы Ширваншах Шейх Ибрагим  тарабынан курулган. 

Комплексте Диванхане, күмбөздөр, мечит, суу сактагыч, мончонун калдыктары  жана Сейид Яхья Бакувинин мавзолейи бар.

Ширваншахтардын Сарай комплексине "Султан Мураттын дарбазасы" деп аталган Чыгыш дарбазалар порталы дагы кирет.

Anahtar Kelimeler: Ширваншахтар сарайы, Баку, Азербайжан,

Жаңылыктар