Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

18 Kasım 2020 13:01

17-ноябрь күнү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелеген. Депутаттар жаңы Конституция боюнча рефрендумду президенттик шайлоо менен бирге 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү сунуштаган.

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде айтылгандай, Конституциялык реформанын зарылчылыгы көптөгөн факторлор, анын ичинде колдонуудагы Конституциянын жоболорунда орун алган карама-каршылыктар жана боштуктар, бийликтин орнотулган системасынын натыйжасыздыгы жана анын жоопкерчилик механизмдеринин жоктугу менен шартталган.

Конституциянын жаңы долбоору кыргыз коомчулугунда нааразычылык жаратты.

Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген

Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Жаңы долбоордо президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт.

Конституцияны өзгөртүү жана толуктоо Президенттин сунушу боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү же 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Белгилей кетсек 1991-2010-жылдары Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы өкүм сүргөн. 2010-жылы референдум өткөрүлүп, мамлекеттик башкаруу парламенттик системага өткөн.

Болжол менен 1,5 ай мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы башаламандыкка айланып, митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланган. Садыр Жапаров, баш мыйзамды өзгөртүү-элдин талабы экенин айткан.

 

Жаңылыктар