Баткендин Маргун айылындагы М.Баетов атындагы мектептин ачылышы болду

330 орундуу жаңы мектеп имаратынын курулушу 9 ай мурда башталган. Долбоордун сметалык наркы 3,5 млн АКШ долларын түзүп, ал Өзбекстан тарабынан бөлүнгөн

01 Nisan 2022 20:12

Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылындагы М.Баетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин ачылышы болду.

Мектептин ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов видеоконференция форматында катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мектептин ачылышы – эки элдин ортосундагы чоң достуктун символу.

«Эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшү биздин кылымдар бою келе жаткан бир туугандык, достук жана коңшулук мамилелерибиздин натыйжасы болуп саналат. Баткен облусу Өзбекстан Республикасынын Фергана облусу менен чектешет жана биз өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө чектеш кызматташтыкты кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү жактайбыз», - деди Акылбек Жапаров.

Ал Өзбекстан Республикасынын жетекчилигине Баткен облусуна бул билим берүү мекемесинин курулушуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, "Бүгүнкү окуя биздин бир туугандык байланыштарыбыз уламдан-улам чыңдалып, өнүгүп жаткандыгынын далили" экенин айтты. 

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу эки бир тууган элдин ортосундагы достук мамилелер чыңдала берет деп белгиледи жана Кыргызстанга тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Anahtar Kelimeler: Өзбекстан, Кыргызстан, мектеп,

Жаңылыктар