«Батыз» мамлекеттик жаратылышты коргоо аймагы

«Батыз» мамлекеттик жаратылыш коругу Түркмөнстандын түштүгүндө, Иран менен Ооганстандын чек арасына жакын жердегиТежен жана Мургап дарыяларынын ортосунда жайгашкан.

25 Mart 2022 19:55

«Батыз» мамлекеттик жаратылышты коргоо аймагы 1941-жылдын 3-декабрында негизделген. Анда көптөгөн эндемикалык жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрү кездешет.

Жалпы аянты 87 680 гектар.

Жаратылышты коргоо зонасында жапайы жаныбарлардын 3 баш калкалоочу жайы бар. Алар Чеменебит, Гызылчар жана Пулхатын жайлары.

«Батыз» мамлекеттик жаратылышты коргоо аймагында жырткычтарг бар. Алар; Иран илбирси, чаар чөө, боз карышкыр, кызыл түлкү жана азиялык жапайы мышык.

Аймак өсүмдүктөргө да абдан бай. Аймакта тамырлуу өсүмдүктөрдүн 1050 түрү бар, алардын 75и эндемикалык өсүмдүктөр.

Буга чейин аймакта бир катар иликтөөлөр жүрүгүзүлүп, натыйжада 4200дөн ашык илимий макала жана эмгектер жарык көргөн.

 

 

Anahtar Kelimeler: «Батыз» мамлекеттик жаратылышты коргоо аймагы, Түркмөнстан,

Жаңылыктар