Байтерек мунарасы – Казакстандын сыймыгы

Байтерек – Нур-Султандагы архитектуралык комплекс, заманбап архитектуранын уникалдуу үлгүсү.

06 Mart 2022 08:36

Түрк мифологиясында ыйык деп эсептелген жана түрк урууларынын орток баалуулуктарын түзгөн көптөгөн ишенимдер бар. Алардын бири-өмүр дарагы. Өмүр дарагы түрк мифологиясында жер менен асманды байланыштырган көпүрө болуп эсептелет. Ал эми легендарлуу Самрук кушунун жумурткасы, жаркып тийген күндү, жакшылыкты жана жарыкты туюнтат.

Байтерек мунарасы

Байтерек мунарасы – дал ушул самрук кушунун жумурткасы менен өмүр дарагынын туундусунан жаралган уникалдуу чыгарма.

Болоттон жасалган ак түстөгү структура-өмүр дарагын, ал эми үстүңкү бөлүгүндөгү алтын шарча жарык чачып турган күндү туюнтат.

Мунара Нур-Султандын негизги символдорунун бири болуп саналат. Байтеректин бийиктиги Нур-Султандын (мурунку Астана) борбор шаар статусуна ээ болгон жылга байланыштуу 97 метр.

Мунарадан шаардын чар тарабын көрүүгө болот. Мунаранын үстүндөгү алтын түстүү шардын диаметри 22 метр. Жалпы салмагы 70 тонна.

Дизайны жана идеясы жагынан  көптөгөн эл аралык сыйлыктарга ээ болгон Байтерек мунарасын шаардын ар бир бурчунан көрүүгө болот.

Anahtar Kelimeler: Байтерек мунарасы, Казакстан, Нур-Султан,

Жаңылыктар